Армения бийлиги коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режимин узартуу чечимин кабыл алды.
Юстиция министри Рустам Бадасян билдиргендей ӨА 13-июнга чейин созулат.
Арменияда Өзгөчө абал режими 16-мартта киргизилип, 14-майга чейин узартылган болчу.
Акыркы маалыматтарда аталган өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 3718ди түздү. 48 бейтап оорудан каза тапты.