Бишкекке Катардан жана Кувейттен 107 кыргызстандык жаран келди

380

Бишкекке Катардан жана Кувейттен Кыргыз Республикасынын 107 жараны кайтарылды. 

Алар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха – Бишкек» каттамы боюнча учуп келишти. Биздин жарандар менен кошо Казакстан Республикасынын 31 жараны дагы учуп келди, аларды казак тарабы аэропорттон тосуп алып, мекенине атайын унаа менен алып кетти.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.

Бул маселе Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында КР ТИМ тарабынан иштелип чыккан. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь