Бишкектин Байтик Баатыр жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жаш кыз кулап түштү. Бул тууралуу Elgezit басылмасына күбө билдирген.
Күбөнүн айтымында, кыз 6-кабаттан кулап түшкөн.
“Кыздын колунда тарак бар экен. Аны түртүп жиберген болушу мүмкүн”,- деген.
Жабырлануучу тууралуу башка маалымат азырынча белгисиз.