Бүгүн Нарында 15 адамдан коронавирус аныкталды. Көбү төрөт бөлүмүндө жаткандар

492

Бүгүн, 14-майга карата Нарын шаарында коронавирус инфекциясын жугузуп алган 15 жаңы учур катталды. Алардын сегизи төрөт бөлүмүндө жаткандар, бирөө медкызматкер жана алтоо бул илдет менен ооруп жаткандардын туугандары. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Нарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны 58ге жетти. Алардын 8и айыгып чыкса, 13ү милиция кызматкери, 13ү медицина кызматкери, бирөө Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкери, 8и төрөт бөлүмүндө жаткандар жана 15и аталаган кызматкерлер менен контакт болгондор.

Ал эми шаар боюнча үй карантинге 323 адам алынды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктуруунун жалпы 1082 учуру катталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь