Жогорку Кеңеште депутат Кенжебек Бокоев регламент бир эмес 20-30 жолу бузулду деген сын менен процедуралык микрофонго чыкты.
“Парламент парламент болбой калды, каалаган мыйзамды киргизип, каалабаган мыйзамды күн тартибине киргизбей жатасыңар“,-деген эл өкүлү жарым жылдан бери берген мыйзамы күн тартибине кирбей жатканына нааразы болду. Бокоев регламентти бузгандарга карата комиссия түзүп чара колдонууга Төрагага кайрылды.
Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков учурда каралып жаткан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо регламент бузулбаганын белгиледи.
“Парламент жакпайбы эч ким кармаган жок, эмнеге антип кекетип сүйлөйсүңөр“,- деп Жумабеков сөздү абайлап сүйлөөгө чакырды.