Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду сынга алышты. Буга чейин спикер “Парламент жакпаса эч ким кармаган жок” деп депутаттардын бирине кайрылган.
Мындай айтылган сөзү үчүн Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев төрагага нааразычылык пикирин билдиришти.
“Сиз алдыгы жерде жөн гана алып баруучусуз, кичине ылдый түшсөңөр өзүңөрдү элестетип кетпей“,- деп катуу айтты Кенжебек Бокоев.
Ал эми Каныбек Иманалиев “Сиз Өкмөткө адвокат болуп, бардык мыйзамга эле адис боло бересиз” деди. Ага улай Жанар Акаев дагы кесиптешинин айткандарын колдоп Дастанбек Жумабековго парламентти коргошуңуз керек деп, сөзү үчүн кечирим суроо керектигин айтты.
Айрым эл өкүлдөрү парламенттеги кесиптештерин сабырдуу болууга чакырышты.
Детский сад
Суйлошту билишпейт бироосу да.чыгарбагылачы ушуларды.башка мамлекеттер Корсо кулот цирк