Жанар Акаев эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин Баткенде белгилөөнү сунуштады (видео)

337

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 2021-жылы Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин Баткен шаарында өткөрүүнү Өкмөткө сунуштады.

31-август Кыргызстандын белгилүү датасын мындан кийин Ысык-Көл, Нарында улантып ар жылы ар башка шаарларда өткөрүү керек дейт депутат.

“Жыл сайын Бишкекте гана өткөрүп келебиз. Өкмөт ар кайсы шаарларда өткөрүүнү азыртан пландап баштаса. Мындай кадам ички туризмди өнүктүрүп, экономикалык салым болот эле. Баткендин бюджетине көп каражат бөлүнүп, социалдык объектилер курулуп, жолдор оңдолмок. Бул идеологиялык мааниси бар жемиштүү иш болот“,- дейт депутат.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь