Жугуштуу оорулар ооруканасына Соль-Илецктен келген эне баласы менен жаткырылды

313

11-майда “Семетей” обсервациясынан тез жардам унаасы менен
шаардык балдар клиникалык ооруканасына кичинекей бала төмөнкүдөй диагноз менен жеткирилген: Курч энтероколит кан катуу, орточо оор даражада. Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган (баланын атасынан оң жыйынтыкты эске алып).

Биринчи алынган ПЧР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөткөн. ШБКОдо ПЧР-диагнозуна кайталанып алынган анализдери оң жыйынтык көрсөттү. 13-майда экөө тең Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган.

Бардык коопсуздук чаралары сакталган, бейтапка жардам көрсөткөн медициналык персоналдар (дарыгер, 2 медайым), жеке коргонуу каражаттары менен иштеген. ОААжМСЭКБ жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь