Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу — артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.
Коронавируска байланыштуу быйыл 9, 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.