Кыргызстанда орточо айлык акы бекитилгенден 600 сомго аз болот

3 214

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Документке ылайык, орточо айлык акы 2020-жылы 17 миң 955,5 сомдон 17 миң 354,8 сомго чейин төмөндөйт. 2021-жылы 18 миң 835,4дөн 17 миң 962,2 сомго чейин, 2022-жылы 19 миң 682,9 сомдон 18 миң 698,7 сомго чейин.

2020-жылы эсептелген жашоо минимуму киши башына айына 5 миң 63,6 сомго салыштырмалуу 5 миң 205,2 сомго, 2021-жылы 5 миң 306,7ге караганда 5 миң 543,6 сомго чейин жана 2022-жылы 5 миң 820,8 сомдон 5 миң 540,1 сомго төмөндөйт.

Муну менен 2020-2022-жылдары жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5,8%, 5,7%, 5,5% га салыштырмалуу 7,3%, 6,9%, 6,7%га чейин жогорулайт.

Комментарии

  1. Баардык Тамаш Аш кийим кечее кымбатап жатса кыскартканы кандай нандын баасы 35с болсо кантип жашайт карапайым Эл .

  2. Депутаттарга министирлерге,чиновник аттуунун баарынын айлыгын 70%ке бир жылга кыскартса сонун болот.Карапайым элдин айлыгына тийбей

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь