Маматалиев: Дарыгерди COVID-19 деп каттап, 200 миң сомду тең бөлүшөлү дегендер пайда болду (ВИДЕО)

2 729

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кыйын кырдаалда элге душмандык кылгандар пайда болуптур дейт. Депутат бүгүн 14-майда парламентте сөз сүйлөп жатып, дарыгерлерди атайын коронавирус менен ооруду деп каттап акчасын тең бөлүшөлү дегендер чыгып жатканын билдирди.

Кайсы райондо болгонун анан айтып берем. Бир топ дарыгерлерге кайрылып, “келиңиздер сиздерди COVID-19 менен ооруду деп каттоого алалы, 200 миң сомду алып, 100 миңин силерге берели 100 миң сомун биз алалы” деген топтор пайда болуптур“,- деди Марлен Маматалиев.

Депутат бул боюнча тийиштүү органга тапшыра берүү боюнча Өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь