Ош облусунун башчысы Орозо Айтка чогулбоону суранды

273

Жакында Орозо Айтка карата куран окутуу, жылдык өткөрүү иш-чаралары болушу мүмкүн. Көп адамдардын топтолуусун уюштурбоого жана аймактан-аймакка каттабай турууну, ошондой эле, 2-3 жылкы союп, ыксыз чыгымдарга жол бербөөңүздөрдү суранам. Ашыкча ысырапкерчилике кеткен чыгымдын ордуна өзүңүздөрдүн ден соолукту чыңдап, үй-шартыңыздарды жакшыртып жана балдардын билимине салым кошсоңуздар деп кайрылат элем”,- деп билдирди Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

Суроо: Туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурабыз деп айттыңыз эле, бул багытта кандай аракеттер жүрүүдө?

Жооп: “Туризм жаатын өнүктүрүүгө ар дайым аракеттер көрүлүүдө. Илдетти жеңип чыксак, биз ички жана сырткы туризмди өнүктүрүп, чет элдик меймандарга жана кыргызстандыктарга жакшы шарт түзүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Азыркы учурда Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан Ош облусуна 60 млн АКШ доллары каралып жатат. Анын 30 млн доллары туризм тармагына, анын ичинен жол курууга, таза суу, маданий ж.б. иш-аракеттерге жумшалаарын пландап жатабыз”, – деп белгиледи Узарбек Жылкыбаев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь