Бүгүн 14-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутат болуп келген Шаршенбек Абдыкеримов жана Жанибек Жоробаев ант беришти.
Ант берүүдөн соң алар парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков жана вице-спикер Мирлан Бакировго кол алышкандын ордуна муштумдарын тийгизишти. Мындай эреже коронавирус пандемиясынын шартына байланыштуу чыгарылган.
Эскерте кетсек, Абдыкеримов менен Жоробаев “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдин ордуна келишти.