Талас облусунун башчысы коронавирус катталбагандыгынын себебин айтып берди

292

Суроо: Талас облусунда коронавирус илдетинин катталбаганынын себеби жана оорунун киришине жол бербөө иш-аракеттери тууралуу айтып берсеңиз?

Жооп: “Талас облусунда илдеттин катталбаганынын эң биринчи себеби, алгач ыкчам иштер уюштурулуп, облусту изоляцияга алдык, эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Экинчиден, жергиликтүү эл, аксакалдар, улуу-кичүү муун дебей, илдеттин олуттуу экенин түшүнүү менен кабыл алышып, бири-бирине каттоону токтотуп, адамдардын топтолушуна жол беришкен жок. Эл ичинен азамат жигиттер өздүрү аймактарга постторду уюштурушуп, элдин кыймылын болтурбоого жардам беришти. Өз учурунда медицина, милиция кызматкерлери жана илдетке каршы ишке тартылган бардык жарандар активдүү иш алып барышууда”, – деп билдирди КР Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь