Түндө Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

197

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-май күнү саат 03:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь