“Менин аброюма шек келтирбеңиз” Эки депутаттын кайым айтышына төрага арачыга түштү (Видео)

796

Учурда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору каралууда.

Депутат Мирлан Жээнчороев кесиптеши Канат Керезбековду “мыйзамды бузуп жатасыз” деп отставка кетишин талап кылды. Жээнчороев аталган мыйзам долбоору күн тартибинде каралбаганын айтып нааразы болду.

Канат Керезбеков регламент эч кандай бузулбаганын айтып, “менин жеке аброюма шек келтирбеңиз” деп жооп берди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь