Өкмөт Жогорку Кеңештин бюджетин 10 %га, маданият жана спорт тармагын дээрлик 50%га кыскарткан (ВИДЕО)

348

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жалпы жыйнында депутат Рыскелди Момбеков республикалык бюджеттин кыскартылышын кескин сынга алып, “бюджетти өзгөртө турган эмес, өзөртө турган саясат болуптур” дейт.

“Жогорку Кеңештин бюджетин 80 миллион сомго кесиптирсиңер – 10%га. Башкы прокуратура – 2,6%. Каржы министрлиги өзүнүн бюджетин 21 миллионго азайтып -4,6%. Эң кызыгы маданият министрлигинин бюджетин 8 млрд 400 миллион сомдон 4 млрд 9 млн алып салыптырсыңар, спорт жана туризмдикин тең жарымын алып салыптырсыңар. Анда бизде Олимпиадага ким барат, Көчмөңдөр оюнуна ким даярданат? Азыркы күндө Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбек кызын, Бороновго караганда Жоламан Шаршенбековду көбүрөөк тааныйт”,– деди Момбеков.

Депутат сырттан жардам келген каражат жетиштүү деп, кыскартуулар негизсиз болуп жатканын сындады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь