14-май: Коронавирустун 23 жаңы учуру катталды, 6 дарыгер оору жуктурду

324

14-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 23 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөттө өткөн брифингде билдирди. Мындан тышкары Нарында дагы 15 учур катталганы азыркы саатка билинди. Каратаев бул боюнча толугураак мааылматты бир аздан соң берерин айтты.

Бишкек шаары -14

Чүй облусу- 2

Ош – 1

Жалал-Абад облусу -4

Соль-Илецктен келгендерден – 2

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 5
Ош ш. – 1.

Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 247 учур катталды, алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Республика боюнча ооруга кабылгандардын жалпы саны 1067ге жетти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь