Эртең, 15-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда катуу жаан жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус болот.