Айдоочулардан бир нерсе алып жаткан патрулдук милициянын 4 кызматкери жазаланды (видео)

1 329

Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында патрулдук милициянын 4 кызматкери жазаланды. Буга чейин соцтармактарда тараган видеодо айдоочулар патрулдук унаанын ичинде отургандарга терезе аркылуу белгисиз нерсе беришкен.

Бул окуяга байланыштуу 2 кызматкер иштен алынып, дагы экөөнө сөгүш берилди. Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы тартип коргоочулар эмнени алып жатканын так көрсөткөн жок.

Юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү материалдар прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь