Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 5 бөлүм жөнөтүлгөнүн бүгүн, 15-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда «Мазда-626» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Ошондой эле «Ниссан Сирена» үлгүсүндөгү унаанын багажы күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.