Байланыш агенттигинин мурдагы директору УКМКнын тергөө абагына киргизилди

381

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына киргизилди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 12-июлга чейин кармалмай болду.

Черногубова Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган.

Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган» деп шек саналууда.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь