Быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтөт. Кантип?

234

Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтө турган болду. Бул тууралуу билим берүү жана или министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал учурдагы кырдаалда эң башкысы балдардын коопсуздугу жана ден соолугу маанилүү дейт.

Белгилүү инсандарга, баардык ата-энелерге жана мектеп директорлоруна кайрылып, онлайн форматында куттуктоо жана каалоо-тилектерди айтып, бүтүрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрөлү деп жатабыз. Учурдан пайдаланып журналисттерге, белгилүү инсандарга, искусство адамдарына жана ата-энелерге кайрылып кетким келет. КТРК каналы “Мен – бүтүрүүчүмүн/Я – выпускник” деген жакшы акция баштады. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрүн, каалоо-тилектерди жазып жөнөтсөңүздөр болот. Биз да ошондой форматта окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, окуу жылын аяктасак, андан кийин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого даярданып калабыз“, – деди ал.

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 30-майда аяктай турган болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь