Жайыл районунун милиция кызматкерлери бир кыздын айынан атышышты

421

Жайыл районунун милиция кызматкерлери бир кыздын айынан ок чыгарышып, опер кызматкеринин бутуна ок тийген. УКМК тергөө иштерин жүргүзүүдө деп жазат Kaktus.media өздүк булактарына таянып.

Маалыматка ылайык, 6 сынан 7-апрелге караган түнү өзгөчө кырдаал учурунда Алексеевка айылындагы блокпостто турган Жайыл районунун милиция кызматкерлери кыздын айынан ич ара мушташа кетишкен.

Такталбаган маалыматтарда милициялар блокпостто туруп ичимдик ичишкен. Постто жарандардын дене табын текшерип турган медик кыз үчүн кылмыш иликтөөнүн кызматкери Н.О. жана тергөөчү И.Э. ортосунда чыр чыккан. Н.О. тергөөчүнү тээп жибергенде, ал тапанчасын алып чыгып кесиптешин көздөй ок чыгарган. Натыйжада ок бутуна тийген.

Укук коргоо органынын кызматкерлери өз ара чечишип, бул ишти каттаткан эмес. Булактын маалыматы боюнча, Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан, эмнегедир бирок ишти жаап коюшту дейт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь