14-май күнү саат 22:16да Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылында, Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында жана Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Ал эми жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.