Кадамжайда өспүрүмдөргө мылтык кезеп, буттарына ок чыгарган жаран кармалды (сүрөт)

393

Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында 27 жаштагы К.Р. аттуу тургун 4 жаш өспүрүмгө курал кезеп, аларды коркутуп, буттарынын астына 2 жолу ок чыгарган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнен билдирди.

Аталган факт боюнча “өмүргө жана ден-соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу” беренесинин негизинде Кадамжай РИИБи тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

10-май күнү Кадамжай райондук сотунун санкциясы менен 27жаштагы К.Рдин жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын атасы 59жаштагы К.Ш. эч кандай уруксат кагаздары жок 1стволдуу 16 калибриндеги ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырган.

Ошондой эле тинтүүнүн жүрүшүндө К.Шнын мал сарайынын ичинен эч кандай уруксат кагаздары жок, белгисиз маркадагы бир стволдуу, сайсыз ок атуучу куралы ак түстөгү капка оролгон абалда табылып алынган. Мындан сырткары араб алфавитиндеги китептер жана араб тамгалары менен жазылган дептерлер, коргошундан жасалган муздак курал катары эсептелген колго кийилүүчү кастет алынган.

Тинтүү учурунда К.Шнын аялы 57 жаштагы Ш.М коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып турган кызматкерлерди оозго алгысыз уят сөздөр менен тилдеп, колундагы жыгач таягы менен бир милиция кызматкерин бир нече ирет уруп жиберген.

Бул факт Кадамжай РИИБнин КЖБРне катталган. “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тинтүү учурунда алынган куралдар, китептер жана дептерлер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми шектүү катары кармалган 27жаштагы К.Р. жана 59жаштагы К.Ш. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь