“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде салмак ченин көзөмөлдөөчү транспорт инспекциясынын кызматкерлери менен айдоочунун ортосунда чыр чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.
Транспорт жана жол министрлиги жаңжал 14-майда болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги тарабынан кызматтык иликтөө башталды. Тергөө аяктаганга чейин көзөмөл өткөрмө жайдын эки кызматкери иштен алынды.
“Белгилей кетсек, окуяны видеого тарткан айдоочу тарабынан дагы чагымчыл аракеттер болгон болушу мүмкүн. Окуянын бардык себептери ички тергөө кызматы тарабынан аныкталат жана анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт”,- деп билдирет министрликтен.