Кыргызстанга 243 миллион АКШ доллар тышкы жардам келди

271

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга 243 млн АКШ доллар тышкы жардам келди. Алардын ичинен 120 млн АКШ доллары – бул Эл аралык валюта фондунун биринчи траншы, ал марттын аягында келген. Конвертациядан кийин бул каражат болжол менен 10 млрд сомду түздү.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, алар, биринчи кезекте, бюджеттин корголгон беренелерине багытталган:

4 млрд сом – айлык акыларды төлөөгө,
1,8 млрд сом – Социалдык фондго,
1,2 млрд сом – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, дээрлик 1 млрд сом жөлөк пулдарга.

“Экинчи транш – 120 млн АКШ доллар 2020-жылдын 13-майында келди жана азырынча пайдаланыла элек”, – деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, ошондой эле ар кандай булактардан коронавируска каршы күрөшүү максатында саламаттык сактоо линиясы боюнча гумжардам катары медициналык каражаттар, азык-түлүк жардам, тесттер жана башка жалпы 1,8 млн долларлык жардам келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь