Нарында жана Бишкекте коронавирустан эки адам каза болду

446

Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапканын бүгүн 15-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кечээ Нарын облусунда 84 жаштагы аял киши каза болуп, эрежеге ылайык жерге берилген. Ага пневмония, дем алуунун III даражажагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду.

Ошондой эле бүгүн эртең менен 55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан көз жумду. Бейтапта эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган.

Кыргызстанда жалпысынан оорудан 14 адам каза болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь