Орусияда коронавирустан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү 14-майда Ош облусунун Ноокат районуна жеткирилди. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, бул акыркы 10 күндүн ичинде облус аймагына Орусиядан алынып келинген үчүнчү маркум. Сөөгү мекенинде жерге берилгендердин үчөө тең COVID-19 жуктуруп алгандан кийин көз жумган.
«Алардын баары атайын коргоочу каражаттар менен оролуп, жакын туугандарынын коштоосунда алып келинди. Чек арадан санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү тосуп алып, сөөктөр дароо эле мүрзөгө коюлган. Туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маркумдардын сөөгү үйлөрүнө алып барылган эмес», — деди Аширбаев.
Ал маркумдарды коштоп келген туугандары жана унаанын айдоочулары обсервацияга алынганын кошумчалады.