Бүгүн 15-майда COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. Белгилүү болгондой Ош облуста өзгөчө абал аяктаган соң, өзгөчө кырдаал учурунда 57 өнөр жай ишканасынын 33 иштеп жатат. 21- майдан баштап дагы 11 өз ишин жандантат.
Ош Облустук ИИБнын начальниги Малик Нурдинов өз билдирүүсүндө таксисттер ооруну алып жүрүүчү болуп калбасы үчүн МАИ кызматкерлери менен башка облустар менен байланыштырган Өзгөн, Ноокат райондорундагы 2 постто күчөтүлгөн режимде иш алып бараарын билдирди жана жалпысы 1400 дөн ашуун тартип сакчылары иштөөдө. Буга жүйө катары сырттан келген айдоочулардын 20 пайызга жакынынан COVID-19 илдети аныкталганын белгиледи.
Ал эми учурда Тажикстандан Кыргызстанга кайтуу ниетин билдирген 45 жарандын маселеси каралып жатат. Кыргыз-кытай чек арасында импорт жана экспорт токтоосуз жүрүп, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн 76 орундуу обсервация иштеп жаткандыгы маалымдалды.
“Бул илдет жалпыбызга сыноо, кыйынчылыктар менен коштолду. Кудайга шүгүр, эпидемиялык кырдаал көзөмөлдө. Эми ушул абалдан пайдаланып, көмүскө салыктарды төлөбөй иштеп жаткан, ресторан, курулуш ишканаларын, такси кызматкерлерин тактап чыгыңыздар. Ал биздин мамлекеттин казынасын толуктасын“,- деп тапшырма койду Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.
Мындан сырткары, жол транспорт башкармалыгына сырттан келген айдоочулардын маалыматтарын, анкеталарды тыкыр иликтеп, облустагы даректерин көзөмөлдөөнү милицияга жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелерине өткөрүп берүүнү чабал жүргүзүп жатканы үчүн сындады жана эскертүү берилди.
Облус башчысы облустук ӨКБ жетекчисине обсервациядагыларга бөлүнгөн каржыны республика боюнча бирдей бөлүштүрүүнү белгиледи. Анткени, райондордо обсервациядагылар шарты менен тамагына нааразы болгон учурлар айтылган эле.