Россияда экинчи жолу коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды

255

Бурятияда коронавирусту кайрадан экинчи жолу жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу «РИА Новости» республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Татьяна Сымбеловага шилтеме берүү менен билдирди.

«Бейтап (аял киши) 21-апрелде эки жолку анализден кийин таза болуп ооруканадан чыгарылган. 16 күндөн кийин анда курч респиратордук инфекциянын белгилери пайда болгон. Бейтаптан анализ алынып, жыйынтыгында коронавирус инфекциясы аныкталып, кайрадан ооруканага жаткырылды. Учурда аны дарылап жатабыз. Эми бизде ал кайрадан оору жуктурдубу же буга чейин болгон инфекция кайталанып чыктыбы деген суроо болуп жатат», – деди Сымбелова.

Акыркы маалыматтар боюнча, Буратияда 865 адамдан коронавирус аныкталса, алардын ичинен 41 учур акыркы суткада катталды. Ал эми Россияда жалпы 262 843 адам коронавирус жуктуруп, 2418 каза болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь