Франкфурт-на-Майне шаарынан Кыргызстандын 59 жараны кайтты

182

14-майда, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтты. 

Кыргызстандыктар «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти. Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнерде иштеген 48 КР жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан уюштурулган.

Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды. Дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь