Бүгүн, 15–майда эртең менен Бишкек шаарына Түркиядан Кыргызстандын 320 жараны учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи кезекте аталган өлкөдө дарыланып жаткан жарандар, балалуу аялдар жана улгайган адамдар мекенине жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, 24–марттан бери Түркиядан 1107 адам учуп келди.