Ак-Өргө конушунда жаңы бейтапкана ачылды

292

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда жаңы курулган поликлиниканын ачылышы болду. Жаңы бейтапкана бир кабаттуу, эки корпустан турат. Конуш жашоочулары үчүн кабылдама бөлүмү, кургак учукту дарылоо бөлүмү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, УДИ кабинети жана башка медициналык жардамдарды көрсөтүүчү кабинеттер иштей баштайт.

Дарыгерлердин амбулатордук имараты үчүн 0,56 гектар жер бөлүнгөн. Долбоордун жалпы суммасы 7 миллион сомду түзүп, Катар кайрымдуулук фонду каржылады.

15-майда бейтапкананын ачылышы бардык санитардык нормаларды сактоо менен болуп өттү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь