Кош бойлуу келинди кабыл албаган оорукананын жетекчилери жазаланат (ВИДЕО)

555

Кош бойлуу келиндин ичиндеги баласы чарчап калып, аны эч бир төрөткана кабыл албай жатканын Эрнис Бөрүбаев видеого тартып чыгарган. Чарчап калганын баласын бир айдан бери ичинде көтөрүп жүргөн эне эки күн бою Бишкектеги бир нече төрөткананын эшигин каккылап жүргөн.

Бул окуяга байланыштуу саламаттык сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, медициналык жайлар келинди ооруканага жаткыруудан баш тарткандыгы жарым жартылай аныкталды.

Факты аныкталган соң, шаардык перинаталдык борбордун, №1 шаардык төрөт үйүнүн, шаардык гинекологиялык ооруканасынын жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилерине дисциплинардык чара көрүү чечими кабыл алынды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь