Псков облусунун Новосокольники айылында инфекциялык палатаны куруп жаткан Кыргызстандын жарандарынын арасынан коронавирус жуктургандардын саны 46 адамга көбөйдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин комитетинин төрайымы Марина Гаращенко билдирди.
Жумушчулар арасында коронавирустук инфекциянын очогу чыккандыгы 24-апрелде жарыяланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, тийиштүү диагноз менен 16 адам ооруканага жаткырылган. Вирустун жайылышын тез арада алдын алуу үчүн оору жуктургандар жергиликтүү жашоочулар менен бирге жатаканага жайгаштырылган. Май айынын башында Псков бийлиги коронавируска кабылгандардын санын 39 адам деген. Вирус аныкталбаган жумушчулар балдар лагерине обсервацияга алынган.
Ооруга кабылгандардын дээрлик бардыгы вирустун жеңил түрүнөн өтүп жатат.