Россиянын Сызрань шаарында кыргызстандык жаран столбанын башына чыгып алып түшпөй койгон. Ошондой эле өзүнө эч кимди жолоткон эмес.
14-майдын таңында ал бийик мунарага чыгып, аны шалкылдатып кыймылдаткан. Айдоочулар кокус мунара кулап кетсе деп унааларын обочороок жерге токтотушкан. Окуя болгон жерге укук коргоо органынын кызматкерлери келип кыргызстандык кишини бир күн жана бир түн бою кайтарышкан. Бул көрүнүшкө дээрлик бүткүл шаардын жашоочулары көз салып турган.
Столбанын башындагы адам кыйкырып өзү менен өзү сүйлөшүп, түшүнүксүз сөздөрдү айткан. Акыры 15-май күнү эртең мененки саат 9дан кийин жерге түшүрүшкөн.
Аныкталгандай ал 30 жаштагы Карим аттуу Кыргызстандын жашоочусу болгон. Каримдин жанына чыгып, акырындан аны сүйлөшүүгө тарткан Рустам төмөндөгүлөрдү айтып берди:
“Адегенде жай гана атын сурап, анан жегенге бир несре алып чыгып бердим. Менден тамеки сурады, экөөбүз бир жарым сааттай сүйлөшүп отурдук. Ал поезд менен келе жатып кантип документтерин жана акчасын жоготуп алганын билбей калганын айтты. Бийик мунарага чыгып жерге секирүүнү чечкен. Өтө коркуп калыптыр, өзгөчө формачан адамдардан. Мен ага: “Кел түш, жылытып чай берели. Өзүңүдү колго алып шашпай өзүң тууралуу айтып бересиң” дедим “,- дейт Рустам.
Акыры жаранды бийиктен түшүрүшүп, аны жерде дарыгерлер жана полиция күтүп турган. Учурда аны психиатриялык ооруканага дарыланууга жаткызышты.