Бишкектеги “Ганбей” түнкү клубу карантинге карабастан иштеп жаткан

1 683

Кечээ, 17-майда түндө Бишкектеги Октябрь районунун мобилдик командасы ӨКМ, РИИБ, Санитардык-экологиялык инспекция жана акимиаттын кызматкерлери менен бирге «Ганбей» түнкү клубу иштеп жатканын аныкташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Түнкү клуб пандемия жана жалпы карантинге карабай иштеп, кардарлар эс алып жүрүшкөн.

Мындан тышкары «Арена» футбол талаасы да өз ишин улантып жаткан. Бул жайлар жабылып, Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо 2-категориядагы айып пул (физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом салууга алып келет) боюнча протокол түзүлдү.

Шаардык мэрия ишкерлерди жана жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь