Бельгиялык дарыгерлер өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу премьер-министр Софи Вильмеске “уят коридорун” түзүштү.
Софи Вильмес медицина кызматкерлери менен бирге коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнү талкулоо үчүн Брюсселдеги “Сень-Пьер” ооруканасына барган.
Видеодо көрүнүп тургандай дарыгерлер премьердин кортежи өткөн жолдун эки четине узунунан тизилишкен. Унаа жакындаган сайын алар премьер-министрге далысын салып тескери карашты. Муну менен медиктер өлкө бийлигинин саламаттык сактоо тармагына жасаган мамилесине нааразылыгын билдиришти.