Индияда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 5242 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Аталган мамлекетте коронавирус жугуштуу инфекциясына кабылгандардын жалпы саны 96 169га жетип, алардын ичинен 3029 адам көз жумду.
Индияда ооруга байланыштуу киргизген чектөөлөр 31-майга чейин иштейт. Ал эми эксперттер Индия жайды ортолоп барып оорунун туу чокусуна жетерин божомолдошууда.