2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине айыптоочу тарабынан жалпы 304 күбө катышып жатат. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Алардын ичинен:
-96 милиция кызматкери;
-61 УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкери:
-86 медициналык кызматкер;
-61 адам жашоочулар болуп эсептелинет
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы иш боюнча соттук отурум болуп жатат.