Коронавируска кабылган депутаттын иниси тартипке баш ийбей Токтогулга кетип калган

544

Жогорку Кеңештин депутатынын инисинен коронавирус аныкталды. Ал тартипке баш ийбей, Токтогулга кетип калган деп жазат “коом press” сайты. Токтогул районунун саламаттыкты сактоо координаторлорунун бири төмөнкүлөрдү билдирди:

Өткөн жумада Россиядан келген айдоочулардын арасында Айбек Тотонов дагы бар болгон. Ал анализдеринин жыйынтыгы чыкканча эле, тартипке баш ийбей Токтогулга келе бериптир.  Анализдеринде вирустун симптомдору бар деген жыйынтык чыккандыктан Токтогулдагы Жаңы-Жол аймагында жүргөн жеринен табылып,  Жалал-Абад шаарындагы изоляцияга алынды”-дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси Айбек Тотонов Россиядан кайтып келген айдоочулардын арасында болгон. Бирок ал тартипке баш ийбей, Токтогулга кетип калган.

Булак: “коом press” 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь