Милициянын тапанчасын тартып алмакчы болушкан. Ч.Түлөбердиев паркындагы окуянын чоо-жайы (ВИДЕО)

530

Ч.Түлөбердиев атындагы паркта болгон окуяга Бишкек ШИИББи түшүндүрмө берди. 17-майда саат 21:30 дар чамасында белгисиз жарандар милиция кызматкерлерине кол салып жатканы боюнча Биринчи май РИИБне билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, төмөндөгүнү аныкташкан.

“Ч.Түлөбердиев атындагы паркта кайгуул кылып жүргөн милициянын улук сержанты К.Б. кечке маал карантиндин эрежесин сактабай адамдардын топтолуп жүргөнүн байкаган. Бул коронавирус инфекциясынын жайылышына коркунуч алып келет. Милиция кызматери топтолгондорго парктын аймагынан чыгып кетүүнү эскерткенде, белгисиз жарандар агрессивдүү маанайда жооп беришкен. Ошондой эле милиционер менен жаңжалдашып, тапанчасын тартып алууга аракет жасашкан”,- деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.

Улук сержант К.Б. эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда гана белгисиз жарандар артка чегинген.

Аталган факт “Бейбаштык” беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь