“Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө!” Матраимов уялчаак депутатты уялтты (видео)

598

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде – кредиттердин төлөмдөрүн жеӊилдетүү боюнча маселе каралып жатып депутат Искендер Матраимов кесиптеши Камчыбек Жолдошбаевге “ойноп сүйлөсөн дагы, ойлоп сүйлө” деди.

Эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев насыячыларга үч ай каникул бере турган болсо, банктан дивидендин талап кылгандар чыгат деген оюн айтты. Насыя алгандар карантинге чейин иштеп турган күндө деле төлөбөй койгондор болгон дейт.

“Сиз экөөбүздүн курсагыбыз ток болгон үчүн, ишенимдүү каалаганыбызды сүйлөп жатабыз. Маселе канча адам ачка отурат, мен ошону көтөрүп жатам. Кыргызда жакшы макал бар “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө деген” “,- деп Матраимов кесиптешин кагып салды.

Расмий статистикага таянсак, Кыргызстанда бир миллиондой жарандарга микро жана чакан бизнеске насыя берилген.

“Улуттук банк, коммерциялык банктар, орточо эсеп менен жылына 13-20% пайда көрүшөт ар бир берилген кредиттен. Демек, саналуу карантин айлар үчүн элди кыйнабай, банктар процентти кечип койгон күндө деле чыгашага учурабайт.
Жогорку Кеӊештин комитетинде ушул көйгөйлөрдү талкуулап, кредит алгандардын кыйынчылыкка дуушар болгон абалын карап, өкмөт менен Улуттук банкка кредиттердин пайыздарын жеӊилдетип берүү боюнча тапшырма бердик”,-дейт Искендер Матраимов.

КәпәтәңәZZZZZZZZкей Курманбек досум айтмакчы, бу уялчаак дагы балп этиптирго, Матраимов эркекче айтыптыр бетине.

Опубликовано Ысмановом Чынгызом Суббота, 16 мая 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь