Ошто айдоочуну сөккөн милиционер иштен айдалды (видео)

309

Ош шаарында кызмат учурунда айдоочу жана жүргүнчүнү сөккөң милиция кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн  кесилишинен тартылган видео тараган. Анда видеонун автору билдиргендей, Hyundai Porter унаасы жол чырактын кызылы күйүп турганда өтүп кеткендиктен аны ЖКККББнын кызматкери токтокон.

Кызматкер жарандарга орой мамиле жасап, ички иштер органдарынын кызматкеринин атын булгагандыгы үчүн Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан 16-майда, ээлеген кызматынан алынды. Ал эми анын жанында болгон ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин дагы кызматтан бошотуу боюнча жетекчилигине сунуш берилди“, — деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь