«Семетей» обсервациясында такталбаган маалыматтан улам чыр-чатак чыккан (видео)

549

Бүгүн “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыкты. Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жаран жаткырылган.

Чыр-чатактын себеби, алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу. Бул факты боюнча азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Обсервацияда жаткан жарандар талаптарга баш ийбей, эреже бузган учурда КР Мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат”, – деп билдирди Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь