Соль-Илецктен келгендер үйгө бошотууну талап кылып обсервацияда чуу чыгарып жатышат

4 250

Мурдагы америкалык “Ганси” авиабазасындагы обсервацияга жайгаштырылган Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктар башаламандыкты улантууда. Бул тууралуу карантиндик аймакта жаткан айдоочу Александр Бурховецкийдин жубайы Мария 24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, кечээ алты адам аларды бошотууну талап кылышкан, анткени алар өзүн жакшы сезип, дарылануунун кереги жок эсептешкен. Ошондой эле алардан коронавирус табылгандыгына ишенишкен эмес. Соль-Илецктен келгендердин бардыгынан кайрадан COVID-19га тест алынган.

Алар чуу чыгарышып, ооруканага барбайбыз, үйгө жөө кетебиз деп коркутушту. Жардам берип жаткан дарыгерлер милиция чакырууга аргасыз болушту. Натыйжада аларды ооруканага жаткырышты. Учурда абал турууктуу“,-дейт Мария Бурховецкая.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган обсервацияда башаламандык болуп жатканын тастыктады. Бирок өз учурунда тийиштүү чаралар көрүлүп, адамдарды ынандырып ооруканага жаткырып жаткандыгын билдирди.

Эске салсак, 7-майда Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 541 жаран келген. Алардын ичинен 59 адамдан коронавирус табылган.

 

Комментарии

  1. Келгенче эптеп алып кеткиле барганда айтканынарды кылабыз деп ыйлагпады беле ,эми келип алып тескери сүйлөп баш ийбегендери туура эмес

  2. Башкалардай эле жата турса эмне болот. Президент ошо жака алып барып игтетип анан таштап салгансып алып кеткиле дегни да бат. Жатып даарылангандын ордуна кетем дегеги да бат. Ушу кыргыздар кызыктай калпыз десек арднабыз.

  3. Абиирсиздерди атып салгыла ,ушуга окшогон акмактар кыргызстанды жаманаты кылып бутушту итак данкыбыз далайга кетип чондорубуз баш болуп ,анан биз качан онолобуз!!!!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь