Элчилик: Бузулуктагы кыргызстандыктар саясатчылардын, бейөкмөт уюмдардын туура эмес маалыматтарынын курмандыгы болушту

270

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, май айынын аягынан тартып апта сайын чартердик каттамдар уюштурулат. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги Оренбург шаарынан да Бишкекке чартердик каттам уюштуруу маселесин карап, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бул каттам менен 200 кыргызстандык, негизинен кош бойлуулар, оорулуу жана улгайган адамдар жиберилет.

Элчилик Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 500гө жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу аракети уланып жатканын маалымдады.

“Тилекке каршы азыркы учурда Бузулук районунагы 500дөн ашык кыргызстандык жаран, айрым саясатчылардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн туура эмес маалыматтарынын туткунуна айланган“,-деп билдирет элчиликтен.

Элчиликке караштуу түзүлгөн штаб Казакстандын чек аралары жабык экенин эскертип, кыргызстандыктарды машине менен жолго чыкпоого үндөдү. Мындан тышкары Орусиядагы мекендештерди орус мыйзамдарына ылайык санитардык-карантин эрежелерин так сактоого, өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырган.

Майдын алгачкы жумасында Оренбург облусунда орус-казак чек арасынан Кыргызстанга өтүп кетүүнү суранып 250дөй кыргыз мигранты топтолуп турганы кабарланган. 7-майда Соль-Илецк аймагынан 519 кыргызстандык тогуз автобус менен Кыргызстанга жеткирилген. Ондогон айдоочу ошол жерде калган. Андан бери да Оренбургга карай агылган кыргыздардын аягы тыйылбай, талаада чатырда жаткандар 500гө жакындап калганы кабарланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь