Бардык кабиналар кардарларга толгон. Кара-Суу чайханасы карантинге карабай иштеп жаткан

569

Түндө Ленин райондук мобилдик группасы “Кара-Суу” чайханасынын иштеп жатканын аныктады.

“Меймандарды кабыл алуучу бардык кабиналар кардарларга толгон, тейлөөчүлөрдүн толук курамы иштеп жаткан. Кафенин кожойкеси А.Конгантиева мыйзам бузуу фактысын өздөрүнүкү үчүн ооз ачар кылып жатканын түшүндүрдү”, -деп айтылат маалыматта.

Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо 2-категориядагы айып пул (физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом салууга алып келет) боюнча протокол түзүлдү.
Мекеменин ээси мыйзам бузуу менен макул болуп, чечим кабыл алынды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь